додоло

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Үйүү, чогултуу, үстү-үстүнө жыюу.
  2. Жыйылуу, топтошуу, көп болуп топурап чогулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аңгеме-дүкөн кураштык, / Жүргөн жөндү сураштык, / Атбашыдан беш киши, / Келаткамын сизди деп, / Алтымыш нарга дөдөлөп, / Актап күрүч арттырып, / Келайтканмын жесин деп, / Таласка жакын калганда, / Учурады Аккубак, / Келайтыптыр сизди издеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казан толуп эттерге, / Катар тиккен үйлөрдө, / Конок келген күндөрдө, / Самоору кайнап ышкырып, / Дүр-дүнүйө дөдөлөп, / Дасторкондун үстүндө, / “Чийежол” деген күүсүнө, / Толгонуп комуз күүлөнө, / Булбулдай таңшып ырчылар, / Кубулжуп обон түрлөнө, / Он колго мурда кошулуп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мен жылуу болот деп, күндө коломтонун жанына додолоп койгон күлдү жазданып жатчумун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →