добул1
- Жамгыр аралаш катуу түшкөн чоң-чоң мөндүр.
- Катуу жамгырлуу шамал, бороон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир убакытта карасаң, / Кол добулбас зыңк этти, / Асманды карай ок кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байкап аскер караса, / Айланасы жаңырып, / Мылтык үнү карсылдап, / Добулбас унү заңкылдап, / Кыйкырык сүрөөн ызы-чуу, / Шашылып калган аскердин, / Кулагына угулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайраты артык кабылан, / Бастырмак болду абдан, / Кам кечесин бүтүрүп, / Аттарынын баарысын, / Куйундай кылып түйүлтүп, / Алты сан аргын көп алач, / Булардан чыкты бөлүнүп, / Сурнай үнү бек чыгып, / Добулбасын карс уруп, / Доолбасын карс уруп, / Ак асаба кызыл туу, / Айгайлаган ызы-чуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →