диртилде
- Дене, булчуң эттер булкуп, кескин тартылгандай солк этүү, нерв органдарынын таасири менен титиреңдегендей абалда болуу, дирт-дирт этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жарк-журк этип келип тириде жок катуу дабыш менен күн күркүрөгөндө музоолор диртилдеп жыгачтардын түбүнө корголоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →