дирилде
- Калтыраган, желбиреп катуу титиреген сыяктуу абалда болуу, дир-дир этүү.
- Бөлүнө-бөлүнө майда калтырагандай чыгуу.
- Кысылып чыгып атырыла агуу, диркирөө, диркиреп чыгуу.
- Зыркырап зааркануу, качуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…гыр бүркүт түрдөнүп, / Ак жолборстой сүрдөнүп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Муруттары бириндеп, / Жүзүн көргөн адамзат, / Бүткөн бойу дирилдеп, / Мас болгон нардай күркүрөп, / Көргөндүн бойу дүркүрөп, / Орто-карта баатырдын, / Сийдиги чыгып бүркүрөп, / Касаба тоодой жарданып, / Албарстан найза карманы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сакалдары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Эр намысын талашып, / Жаалын төгүп, жан ачып, / Кабактары бүркөлүп, / Кере карыш чүмкөнүп, / Кайра жаачу булуттай, / Каарданып сурданып, / Качырышып киришти, / Бүркүттөй болуп кырданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калмактар качып бириндеп, / Этек-жеңи дирилдеп, / Беттешип калса өлдүк, деп, / Кыйаматты көрдүк, деп, / Даай албай калды Мажикке, / Сийдиги агып бүркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алда кандай болгону, / Кайсы экени билинбейт, / Ириң агып, кан агып, / Бир убактан дирилдейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →