дилде

китептерде 24 жолу, 3 китепте
  1. тар. Алтын акча, тыйын.
  2. Алтын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Азык алдың дилдеден, / Атка миндиң чилдеден, / Арстан төрө баатырдын, / Адам сырын билбеген, - / Алмамбет анда мындай дейт: / — Тээ Каспаңдын кара тоосунда, / Капкалуу Бейжин оозу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алым алып, мал алып, / Кызыл дилде зар алып, / Кызылбаштын Контукчу, / Индыстан менен Иранды, / Былк эттирбей коркутчу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Төрт кишини котчу алды, / Алты нарга дилде артты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Атыңды сатасыңбы, сатсаң мен сага бир семиз ат жана бир топ дилде беремин, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Ошентип абышкага бир дилде берип, баланы жетелээр замат көздөн кайым болду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →