дигер

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Мусулмандардын күн сайын окулуучу беш убак намазынын үчүнчүсү.
  2. Күн батарга жакын деген убакытты белгилөө маанисинде да айтыла берет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күн бешимден кыйшайып, / Дигерге барган кези эле, / Дарбазасын кайтарып, / Кененим жатсын үйүндө, / Мен күмбөзгө жетейин, / Көз байланган бүрүлдө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алты айгырдын үйрүнөн, / Ондон тандап бээ бөлүп, / Кечки дигер мезгилде, / Ордо баккан элдерге, / Бүт тапшырып бериңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аккан дайра жерине, / Суктанманын элине, / Төбөсүнөн ылдыйлап, / Коргошун болуп куйулуп, / Кечки дигер мезгилде, / Керебет алтын тактада, / Жаткан кезде Суктанма. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ушул кумдун четинде, / Аскерин таштап бир жерге, / Жетимиш балбан ээрчитип, / Келген экен бул жерге, / Жолборс алып сексенче, / Шерден кармап бир жүзчө, / Төө куштан атып кокойтуп, / Келайткан экен кечинде, / Дигерде жакын мезгилде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Намаз дигер болгончо, / Экинчи торду суйултуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →