деңкей
- Дөңкөйүп, бөлүнө көрүнүп туруу, даңкаюу, дүңкүйүү.
- Бой көтөрүү, менменсинүү, дердейүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кирген нардай деңкейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Эсенхандын алдында, / Эл башкарып жатчуу эле, / Кара кытай дегенде, / Нескара айткан кеп эле: / — Эсенхан келбей сен келип, / Эл башкарып жүрөсүң, / Эмгичекти деңкейип, / Алдырып мөөрөй баарыдан, / Биз турабыз күч келип, / Кара кытай эли дейт, / Күрөшкө түшүп бергиниң, / Картайып кетип барасың, / Көрөбүз качан эрдигиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып дердейип, / Сураккана үйүнө, / Басып келип деңкейип, / Теги кыйын шашылып, / Жигиттерин чакырып: / — Жети жигит чабарман, / Жетисууда элге бар, / Жезкемпир уулу жети хан, / Жетип ага кабар сал, / Үйдө эркек калбастан, / Тойго келсин бары адам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…уйлап солк этип, / Үзүлүп кетчү кептенип, / Ошондо билип бул чочко, / Башкадан болбойт мага, деп, / Айчүрөктөн шектенип, / Келе жаткан болуучу, / Дүк-дүк басып деңкейип, / Сейтектин жаа дегенин, / Анык укту куу Кыйаз, / Жан алуучу дегенди, / Укпай калды бул Кыйаз, / Сейтектен кабар жеткенде, / Жан алуучу дегенде, / Кайран жеңе…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →