деңиз
- Океандын бир кыйла тарабы кургактык менен курчалган чоң бөлүгү.
- Абдан зор көл, кеңири көлөмдөгү суу мейкиндиги.
- өт. Мол, өтө көп, кең-кесири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чаңбейсендин чыгышы, / Деңиздин бойун жердеген, / Чарба баккан эл экен, / Мурунку жүргөн кишилер, / Качкын кыргыз дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…алып, / Андан адам таралып, / Жер бетине шаар салып, / Каканчын эли болгону, / Адам уулу барбаган, / Падыша арбак бак бурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Кызыл деңиз терс агым, / Ошондон бери карата, / Орто жери Чынмачын, / Ат изин ага ким салган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →