дердеңде

китептерде 30 жолу, 8 китепте
  1. Дердең-дерден этүү, дердейүү (көбүнчө мурун жөнүндө).
  2. Мактануу, көтөрүлүп менменсинүү, бой көтөрүү.
  3. Көңүлү көтөрүңкү болуу, эдиреңдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Өлүп жатты тигине, / Болбой келип дердеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ачуусунан айбандын, / Оозунан көбүк чачылып, / Үнү күндөй күркүрөп, / Уккан кепке ачынып, / Көзүнөн жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
деп, / Үйүнө барды кеп салып, / Бала–барка, катындар, / Сүйүнгөндөн дердеңдеп, / Өмүр берсин Манаска, / Барыпсыңар ырас, деп, / Дайра болуп агылып, / Ак көрпө болуп жайылып, / Көрбөй туруп көк чалган, / Көптүн баары жалынып, / (Кечирбейт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө башы кылтылдап, / Катын үндүү кыңкылдап, / Токтобой мойну баладай, / Ары-бери шылкылдап, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Тамакайы былкылдап, / Келгендин баары жалдырап, / Сатайына карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →