дептер

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Тышталып тигилген, жазуу үчүн колдонула турган барак-барак актай кагаздар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлгөн атаң Сомбилек, / Дептерин ачып карагын, / Кызмат кылган атаңа, / Жазылуу аты мен бармын, / Өлүп кеткен Сатайды, / Өзүңө айтып мен бардым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп күтүнүп, / Алып келип Төштүктү, / Жамгыр чыга түшүрүп, / Черүүнүн санын алышып, / Чоң дептерге салышып, / Үчтөн кылып бөлдү эле, / Айылдын көбүн андан бил, / Мага кана конот, деп, / Таарынгандар болду эле, / Төө жайлоонун белинен, / Калкылдаган кол чыкты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ — Укурук тандап салды, — деп, / Отуз миң ат алды, — деп, / Сыргак айтып жеткирди, / Черүүнүн санын аныктап, / Дептерге салып бекитти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жети кыраан журтуна, / Алптык аты жетелек, / Дептерге аты түшө элек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кара аскерди эсепсиз, / Дептерден жыртып таштасак, / Алптарды алып эсепке, / Ашык болсо кун берсек, / Ашып кетсе күн алсак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →