демжи

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. диал. Умтулуу, жүткүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башындагы туулгасы, / Ыргып кетип жоголду, / Демжип өөдө болоордо, / Балта менен Бекбача, / Чокудан нары бир койду, / Казан бактай кара баш, / Алты талаа жарылды, / Айрандай агып кайран мээ, / Кара жерге жайылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көктү карай атканы, / Демжий түшүп Кержинди, / Дал төбөгө чапканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Коборбостон Балтаны, / Жана демжип сайыптыр, / Аңтарылган Балтанын, / Жүрөк каны агыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайра качты далпылдап, / Желке чачы салпылдап, / Бура тарта бергинче, / Май сооруга найзанын, / Төрт эли учу тийгени, / Камчы саптай кара кан, / Чычаңы ылдый куйулуп, / Кончторуна киргени, / Эми демжип бир сайса, / Өлөрүн кемпир билгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…/ Туйагы менен бек басып, / Бере көр, кудай, деп басып, / Тиштеп тартып чойгондо, / Тартылбас мезгил болгондо, / Туйагы менен арканды, / Басып турат аргымак, / Демжип тиштеп жаныбар, / Тартып турат аргымак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →