демде
- Бышкан тамактарды жетилтүү үчүн дымыктыруу; бууга кармоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жамандык жатпайт жашынып, / Угулуп калат бир демде, / Кишиден чыгып калаарда, / Ачык ооз болот ар пенде, / Ушул менин айтаарым, / Уксаң, кыргыз, силерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сыйкырчы шамал салыптыр, / Кененимди бир демде, / Мунарык каптап калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Болжолдо калган эр Бакай, / Ташкелте үнүн угуптур, / Кулжаны Чубак атты, деп, / Ойлонуп абаң туруптур, / Аңгычакты бир демде, / Алмабаш үнү чыгыптыр, / Алмамбет атты, жыкты, деп, / Ак шумкардай сызыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тилимди алып бул Тапак, / Кирип калса кеңешке, / Тапан хандын сыйкыры, / Башынан качат бир демде, / Тапан ханга бул Тапак, / Баш берчү эмес деги эле, / Жай жаткан Тапак балбанды, / Желмогуз барып ал айтып, / Алып келди бул жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Катындар мурдун чүйрүшүп, / Кыңырак алып кемпирлер, / Эшикке чыга жүгүрүп, / Саксалаңдап абышка, / Шибегеси колунда, / Кескилеп кетмек бир демде, / Тим койсо элдин ойуна, / Алып барып байлады, / Байагы темир кадаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →