дембеле
- Үстү-үстүнө артуу, үстөккө-босток кошумчалоо, уламдан-улам көбөйтүү, аракет тез-тез болуп туруу, күчөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайлар турат дембелеп, / Каны тартып ичине, / Эр Чигитей эрикпей, / Эр сайышка эңсенет, / Күндөн күнгө күч алып, / Жаңылап кирген эрине, / Башына муңдуу күн салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сен киргенде тебелеп, / Мен кирейин дембелеп, / Акым, Шакым эки дөө, / Алар бизге дем берет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Этин шилип салышты, / Чынар кескен немедей, / Эки баатыр тең туруп, / Дембелешип балта уруп, / Башын кесип алышты, / Ошол кезде Алмамбет, / Дагы айтып калышы: / — Башын байлап алгын, — деп, / Дөбөдөгү төрөгө, / Көрсөтүп ала баргын — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атасынын күмбөзгө, / Куран окуп дембелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аргымак суудан оозуна, / Ууртап алып толтура, / Тамызып сууну туруптур, / Жараатка чапкан дарыга, / Тамызып турду дембелеп, / Жалбырак куурап калат деп, / Жашартып улам бул чөпкө, / Айбанда болсо жылкынын, / Акылы артык бөлөкчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →