делдеңде

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Делдектеген көрүнүштө же дегдеңдеп калдактаган, шашкалактаган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайында киши барбаган, / Кышында киши барбаган, / Күзгү эгин бышканда, / Узун айак бодо мал, / Баарын анда бакчу эле, / Эмне кылган, адам, деп, / Аттанып ага барам, деп, / Турнабайын шыкаалап, / Тиктеп калып бекемдеп, / Кырка тоону караса, / Байрак турат делбиреп, / Адам жүрөт делдеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп, / Үч-төрт жыл болуп баратат, / Жаш баладай учкайак, / Сен жүрөсүң делдеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ердетип, / Каныкей келсе калдым, деп, / Каныкей тирүү көрбөсө, / Алмамбеттен өлдүм, деп, / Чубактан кордук көрдүм, деп, / Токтоно албай эр Шууту, / Кирип чыгып делдеңдеп, / Кайгы тартып турганда, / Келин каш таңдын алдында, / Үч караан чыкты эрбеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек менен Гүлүстү, / Ээрчитип Бакай зор чыгып, / Жердин бети мемиреп, / Гүлдөр жайнап мелтиреп, / Көпөлөк учуп делдеңдеп, / Жан-жаныбар калбастан, / Таластын ээси келди, деп, / Жайылып чыкты сербеңдеп, / Көз илешпей нечеси, / Жүгүрүп жүрөт эрбеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кең далылуу Калдуубет, / Жылда келет биздерге, / Келбейт өзү дегеле, / Жылкычы, койчу кем таалай, / Келет биздин элдерге, / Алдырайбыз делдеңдеп, / Айанбай мал-пул берерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →