делдекте

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Желпилдеп делбектеген көрүнүштө же дегдеңдеп энтелеңдеген, шашкалактаган абалда болуу, делдек-делдек этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алды келип оогандын, / Кол салгандын Күрөөкө, / Алдыртан утур шамалды, / Койо берди ал жерде, / Топурак учуп жер чаңдап, / Топодон көздү ача албай, / Малакайы делдектеп, / Этектери телпектеп, / Чыдай албай Апысы, / Күн жаадырып жиберди, / Топурак учпай арылды, / Жана ооган жабылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асмандап учуп келатып, / Жашын төгүп бооруна, / Жакындап кирип келгенде, / Эсинен кетти делдестеп, / Эр Гүлүстүн алдына, / Келип түштү ак кептер, / Канаттары делдектеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →