делдей

китептерде 16 жолу, 5 китепте
  1. Калдайган көрүнүшө серейип чыгып туруу, далдайып туруу.
  2. Эмне кыларын билбей далдырап түшүү, селейип, жалдырап туруп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балбандык белги башында, / Кулагында эшектин, / Кайчыланып делдейип, / Койбоочудай дүйнөнү, / Үйлөгөн мештей дердейип, / Бойунан чоң курсагы, / Бооз катындай чердейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Белге чыгып элейип, / Шаңда туруп сербейип, / Этегин шамал чойгулап, / Капшыты көөп делдейип, / Дүрбүнү алып колуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Табарсыктын башына, / Таамай муштап өттү эле, / Камгактай учуп Чолпонбай, / Капкайда барып түштү эле, / Жер тайанып делдейип, / Бойун жасап керилип, / Өлүп кетти Чолпонбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бай Жакып чыгып эшикке, / Тура калып делдейе: / “Күнөө бизден өткөн, — деп, / Кеп албай кетсем кантет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Керели кечке эки колум делдейип, эки жакта — тизгинде. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →