делбире

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Желп-желп этип желпилдеген, дирилдеген абалда болуу, желбирөө.
  2. өт. Эпилдеген жеңил кыймыл-аракетте, элпек, шайдоот мамиледе болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачанын алдына, / Жайылма кирди делбиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…п, / Бектерине барыптыр, / Батай, Катай ал экөө, / Баш көтөрүп аңгыча, / Эстерин жыйнап алыптыр, / Бетер кары келди, деп, / Токтоно албай чоң Отор, / Этек-жеңи делбиреп, / Батай менен Катайдын, / Астына чуркап ал келет: / — Батай, Катай – бектерим, / Бекер Отор келбедиң, / Айтайын деп мен келдим, / Бетер агам келгенин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мас болгон нардай кеңгиреп, / Этек-жеңи делбиреп, / Бадирек турат тултуйуп, / Туулгасы тумтуйуп, / Сакалы жок мултуйуп, / Ачып көзүн каранып, / Эрди-мурдун жаланып, / Төбөсүндө чыккан чач, / Үрпөйүп бирден са… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шөкүлөнүн төбөсү, / Төрө Манас көкжалдын, / Төбөсүнүн көрүнгөн, / Шөкүлөнүн бермети, / Түркүм түргө бөлүнгөн, / Чачылары делбиреп, / Учу жерге төгүлгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кобо албай Семең эндиреп, / Опкоолжуп жүрөк делбиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →