делбе

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Желикме дарт, ээликтирүүчү оору.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Найзасын Сазан имерди, / Чамакташка жиберди, / Билегинде күчү бар, / Он тогузда өзү жаш, / Жүрөгүндө оту бар / Эрдик күчү бир бөлөк, / Жаштык күчү бир бөлөк, / Делбе күч деп бирөө бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Индинин эли жете албайт, / Жылкысы жүнсүз бүт делбе, / Сыртка келсе кырылат, / Кайта үйүнө кете албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп Кубулжан айтканда, / Кененимдин кеби эми, / «Кызга жооп» бергени: / — Азгырбагын Кубулжан, / Алар болсом катынды, / Сулууну издеп таап алам, / Шерматтын кызы экөөңдү, / Теңтуш киши кептентип, / Делбелерди не алам?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ен Чубактын, / Куйундаган чунактын, / Жемеңизге калдың, — деп, / Жеңил баа болуп алдым, — деп, / Кечиресиң айкөлүм, / Жоголдук кылып салдым, — деп, / Этек-жеңи делбеңдеп, / Алмамбет турду элпеңдеп, / Анда Манас турабы, / Атынан ал да кулады, / Атырылткан байагы, / Ачуусу анын тарады, / Уйалгансып эр Чубак, / Чукулап жерди карад… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жаткандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →