дейин
- диал. Чейин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сомбилек атын кой дейин, / Калбасын иштин чаласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кейпин көрүп Кененим: / «Кошо барып көрөйүн, / Хан сарайга киргенде, / Чыныгышты кармап бер дейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кенебеген Кененим, / Бендеден чыккан бекзатка, / Кайсы кепти мен дейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Беренден калган белегим, / Ак калпак кыргыз алашка, / Ар качан тийген керегиң, / Жакшы атадан жаман тууп, / Атага наалат келтирген, / Канчоро итке не дейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →