даңкай

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Даңкайып чоң болуп көрүнүү, зор, бараандуу көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Күмбөзү турса заңкайып, / Коргону турса даңкайып, / Бакай менен Манастын, / Бактары турса карарып, / Азуусун айга бүлөгөн, / Ак калпак кыргыз эл турса, / Бай чечекей башында, / Бадырайып калдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жер жарымын жездедим, / Энемдин сөөгүн издедим, / Келе жатсам бир жерде, / Ак кулжадай маңкайып, / Ак кочкордой даңкайып, / Кутбаны туура баштанып, / Кыбыланы бетке алып, / Жаткан экен энекем, - / Баа жеткис менин берекем, / Энемдин сөөгүн көргөндө, / Оң бөйрөгүм тайанып, / Оодар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ез, / Май соорусу былкылдап, / Маңдайында ай кашка – / Тумарчасы жаркылдап, / Азуусу тутам аркайып, / Чаты колот чалкайып, / Куйушкандын кошкону, / Боз секидей даңкайып, / Чалкалаган чоң Кыйаз: / “Тооторум болбой минген, — деп, / Эрлигим менин бекер, — деп, / Катынга берип атымды, / Алдатып койдум, кантем? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Суусар ичик кемчет бөрк, / Оң чекеде кыйшайып, / Ашкере сулуу Айчүрөк, / Чыкты эшикке суйкайып, / Ак кочкордой муңкайып, / Аккулжадай даңкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Капталдап басып калкайып, / Карааны тоодой залкайып, / Кара кашка мингени, / Кең соорусу даңкайып, / Кармаса найза койкойуп, / Он беште чунак болкойуп, / Этек жеңин кумтунуп, / Жалаңгыч сары кептенип, / Ойноп турат кутуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →