даңк1
- Абдан белгилүү болуп, урматталган даңаза, көпчүлүккө таанылган кадыр-барк, ардакталган атак.
- Атагын, баркын көтөрүү, даңазалоо, өзгөчө белгилөө иретинде айтылчу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара ташка далк этип, / Катуу тийди даңк этип, / Сынып кетти бир буту, / Кашка жилик шаңк этип, / Секирип кобо калам деп, / Жыгылып кетти жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп, Дабытай күркүрөп, / Найзасын ыргап кезкерип, / Качырып сала бергенде, / Камбыл тууган Кененим, / Ар иштин жолун так билген, / Даңгыл тууган Кененим, / Тогуз жаштан бер жака, / Тоодой нечен дөө сайып, / Азуусун айга бүлөгөн, / Ааламды ьузар эр сайып, / Күндөй тийген табы бар, / Борошодой каар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Керкөкүлдү көргөндө, / Калды кангай таң калып, / “Алты калдай, он балбан, / Эки дөөнү бир күнү, / Керкөкүл сайып алды” — деп, / Айтылып жүрөт көрүңүз, / Эмгичекти даңк калып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк миң колго тартынбай, / Кылыч чапкан даңкым бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мунун несин айтасың, / Көсө куйрук көк даңкыт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →