даңда

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. сейр. Даңкын көтөрүү, даңаза кылуу, атагын чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баш кошкон жерде чогулуп, / Чыгыштан келген беш урук, / Чын эле баатыр экен, деп, / Чигитейди даңдады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кылжейренди сыздатып, / Манастап ураан чакырып, / Алооке калдай уулуна / Арстан кирди качырып: / Касиеттүү Сырнайза, / Сайганын тешпей калбаган, / Таш муштаса жанбаган, / Ай-ааламдын элинин, / Айдыңын уккан даңдаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шоркөлдөн сулуу кыз чыкты, / Бүткүл элге даңдалып, / Жашым кырктан аша элек, / Сулууну алсам экен, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кырк уруу кыргыз эл деген, / Кылымдан атын өчүрөм, / Жердин бетин чаңдатам, / Уккан элге даңдатам, / Айтканымдай кылбасам, / Жексен болсун жер менен, / Угулбай элге даңазам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бара-бара дандады! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →