даңгыт
- Чоң ит, дөбөт, дөбөт карышкыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Букадай мойну бултуйуп, / Туурасы жоон култуйуп, / Эки беттин этине, / Он даңгыт ит тойгондой, / Тай торпоктой тултуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айдар кара чачы бар, / Өңөргөн койдой кашы бар, / Жылкычынын отоосу, / Жолум үйдөй башы бар, / Эки бети болтогой, / Эки даңгыт тойгондай, / Мойну жоон букуйуп, / Далысы дүмдүк дукуйуп, / Төө кенедей кулагы, / Белгиси турат мулуйуп, / Шишик баскан немедей, / Булчуңдары дулуйуп, / Бели к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Букадай мойну букуйат, / Буурадай саны бултуйат, / Эки бети салаңдап, / Эки даңгыт тойгундай, / Дөмөр баштай тултуйат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көсө куйрук көк даңгыт, / Көчөнүн ичин жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көсөө куйрук көк даңгыт, / Көт жагында жарышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →