дастан
- Баатырдык баян – ыр менен түзүлгөн, көлөмдүү көркөм чыгарма.
- Кызыктуу окуя, кызыктуу көркөм чыгарма.
- Аңгеме, жомок, баян маанилеринде да айтыла берет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Кейипкери дастандын, / Кененимден баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошондуктан кылымга, / Айтылып келет дастаны, / Мен - мен деген Тапактан / Тартып алды найзаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эри өлгөн жесир катындай, / Албуттанып дакдаңдап, / Эки көзү чакчакдап, / Жазганып калар неме эмес, / Үрүстөм Дастан келсе да, / Кайра тартар кептенбейт, / Нак кутурган ит экен, / Өлүм жактан шектенбейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сынган бутун тарталбай, / Же такандап баса албай, / Жыйылган тизе жазалбай, / Жаткан экен жаш арстан, / Алардын көргөн күндөрү, / Бизге болот чоң дастан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →