дарыла1

китептерде 5 жолу, 3 китепте дарыла 2 →
  1. Оорусуна, илдетине, жаратына карата, айыктыруу максатында дары берүү, дары сүйкөө, дары-дармек колдонуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дарылап таңдым шыйрагын, / Үпчүнү жаап үстүнө, / Жаткырып койдум Куланы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кызды эстебей элди эстеп, / Сейитимдей эрди эстеп, / Жаратыңды баатыр дарылап, / Уруштун камын кылалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бирине өзүн киргизип, / Бирине дары түшүртүп, / Бирине Гүлүс күттүрүп, / Туруп калды жылмайып, / Белдүүлүгүн билгизип, / Айлакер табып Момунжан, / Алты күнү дарылап, / Түгөнбөгөн сары суу, / Кан аралаш ириңи, / Калтырбады бирини, / Эсептеп жашын Гүлүстүн, / Далысынын кечирин, / Ченеп көрсө кесигин, / Чарыккан төөнүн кечири… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →