дарыгер

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Дары берүү, дары сыйпоо жолдору менен дарылоочу табып, врач.
  2. Аптекарь.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыпчакбайдан Абдылда, / Которгон аты Ажыбай, / Чойун баштан Сарыкер, / Кылымдан ашкан дарыгер, / Сарыкерден Эрболот, / Болоттун уулу Таабалды, / Түбүнөн бекер келбеген, / Сардардын бири бул дагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Аны үнөмдөп, анда-санда гана чаңыттап, жарма жасап, кары колу менен дарыгердей өлчөп, топ ооруга бөлүп берет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эл туш-туштан чуркап келип, хандын кызынын оорусу катуулап калганын байкашып, аны сактап калыш үчүн дарыгерлерди издөөгө киришти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →