дарт
- Оору, илдет, кесел.
- өт. Кайгы, муң, арман, күйүт, азап.
- өт. Ой, максат, тилек, көңүл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитейдин атынан, / Эки кайта чакырса, / Айыкмакчы дартынан, / Аны билген киши жок, / Сулап жаткан кыз менен, / Кылчайган ага киши жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…мат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Кыргыздан чыккан жаш балдар, / Баары мыкты талыкпас, / Эртеден кечке чабышта, / Өжөр экен чалыкпас, / Катышып калса кыргызга, / Дарт экен булар айыкпас, / Заары жылан тили экен, / Балдары кызыл пил экен, / Баарысы окшош жүрүшөт, / Баш билгиси ким экен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сараланы Алмамбет, / Дем өткөрүп алсын деп, / Ал дагы түшүп атынан, / Борончунун кол тартпай, / Кемерден алган дартынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаның калды кел бери, / Бир жүрөлү чогулуп, / Сейитимдин артынан, / Куткарбаска алдырып, / Куру калдың катындан, / Эр Сейитке эрмелеш, / Чыгарат сени дартыңан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Канчалык тартсаң машакат, / Кийин жыргал табарсың, / Кызмат акың аларсың, / Берип келсең катымды, / Айтып келсең дартымды, / Өчүрбөймүн өлгүнчө, / Өзүңдүн, баатыр, атыңды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →