дароо

китептерде 12 жолу, 3 китепте
  1. Бат, ылдам, тез, бачым, токтоосуз, ошол замат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аң Күрөңдү, / Кыйтур деген калмакка, / Жетелете салыптыр, / Кыйтур - калмак балбаны, / Миң кишиден көбүрөөк, / Бу калмактын арбагы, / Жетиндим атка эми, деп, / Дароо минип алганы; / Сүйүнүп батпай тонуна, / Жык бир толуп калганы; / Так ушундай мезгилде, / Сыргак жетип барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Күндөгүдөй кылып, аттарыбызды чананын алдына дароо кошуп жиберип, жөнөп бердик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бакка жаңыдан учуп келип, жайланып жаткан таранчыдай, жандын баары кожурап, жүгүн түшүрүп, уук, керегелерин бузуп жагып, дароо казан асып жиберишти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Карышкыр дароо жара тартпай сөзгө келет: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Бир чоң кара дөбө бар, аны тапсаң бир кичине жылан чыгат, андан ары жүрүп олтурсаң бир чоң жылан чыгат, аларга менин башымды көрсөтүп койсоң дароо кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →