даркан
- Согуштук куралдарды жасоочу уста (көбүнчө баатырлык эпостордо).
- өт. Ардактуу, касиеттүү, ыйык, кадырлуу, сыймыктуу.
- арх. Орто кылымдагы түрк кандарынын наамы.
- Орто Азияда, Кавказ өрөөндөрүндө ж.б. феодалдардын мамлекет салыгынан бошотулган жер-суусу, мал-мүлкү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Букар, Чамбыл түркмөнгө, / Каракалпак, чүрчүткө, / Жуда менен калчага, / Андай жана канчага, / Айдың көл менен Нурадан, / Эринбей келсин бар адам, / Бабыл менен Сарыкандан, / Барскоон менен Даркандан, / Айагы Мунар Суусадан, / Айдарканга айтыңар, / Андан кийин кайтыңар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Манас кеп сурайт: / — Ой азамат, -деп сурайт, / Бейпайлык менен бекерче, / Жүрүптүрсүз ачка, — деп, / Айлында адам даркан бар, / Адырда жүрөт аркарлар, / Аркардан неге атпайсыз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүт ташыйт жайлай жылкычы, / Башыман байлап аркандап, / Баштакыдай болбоймун, / Көөнүм өсүп даркандап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →