дарга
- Өлүм жазасына өкүм кылынган адамды асып өлтүрүү үчүн сыйыртмак байланып, жерге тикесинен орнотулган жыгач.
- Атайын орнотулган бийик мамыга же жайга үстүнөн дарчылар басып ойноо үчүн керилген аркан, канат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он эки кабат жип асып, / Дарга тартчу белгиби, / Же кароолчунун бергени?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Семетей кармап бербесең, / Баарыңды дарга асамын, / Койбоймун тирүү бириңди, / Ушундай болот жазайың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чыңыртып дарга ассаң да, / Чындыкты кантип жашырам?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан болгон соң так минген, / Канча жылы калк билген, / Хандыгыңды билдирсең, / Чойтолоңду карматып, / Дарга асып илдирсең, / Ызырынып сөз менен, / Бүткүл элди сабасаң, / Чойтолоңдун элинен, / Он-он бешин камасаң, / Жүрөгү өлүп букара, / Түгөнөт сенин каргашаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– Чалды дарга тарткыла, – деп желдеттерине буйрук берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →