дарбы
- Шашып-бушуп, башкалар менен кошо дүрбөө, ээлигип кошо жөнөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…елгендерди көргөндө, / Калды баары жүдөшүп, / Аңгычакты күпүлдөп, / Нескара, Жолой сүйлөнүп, / Алдына келсе аймоочу, / Ажыдаардай сүрдөнүп: / — Жай жаткан элди дарбытып, / Аш берем деп чакырып, / Же тосуп алган жери жок, / Алдымдан киши чаптырып, / Же тартуу кылган иши жок, / Кызыл алтын чачтырып, / Жетелеп чыккан аты жок, / Ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмаңды жеңип жүйөдөн, / Агеркеч турат мейитип, / Улантты сөзүн ал жана, / Сары майдай эритип: / — Меке деп, баатыр, дарбыбаң, / Тайана турган жерди айтам, / Талкаласаң былк этпес, / Талабы бийик эрди айтам, / Тартынбай тийген жоосуна, / Талыкпаган белди айтам, / Таалайы чоң, эрки өткөн, / Так өзүңдөй шерди айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтымыш бирде мүчөлүң, / Аттанам деп Бейжинге, / Дарбыдың,, жаман күчөдүң,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро кул чолоңдоп, / Келип кеткен эмеспи, / Тантыгандар айткандыр, / Кыйнап жатат бизди деп, / Ошол кул айткан кеп үчүн, / Күмбөздү тайып ыйла деп, / Ошого дарбып жаткандыр, / Айыл башы болгондор, / Азабын чындап таркандыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бул акылды ойлонуп, / Хан болгондой эми эле / Дарбып үйдө оштонуп, / Өзүнүн бузук кыйалы, / Эми эле келип калгандай, / Эстеген сайын кош болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →