дарак
- Ар кандай жыгач өсүмдүктөрдүн жалпы наамы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кемегеден Майтору, / Жайнап кызыл чок кетти, / Отту чапчып тартканда, / Чөпкө жалын от кетти, / Кучкачтары дүр этти, / Там, даракка от кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көйкөлүп жаткан чөбүнө, / Көзү тойот көргөн жан, / Өнгөн дарак көбүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мүргүбөгөн чоң болуп, / Жан жагына карады, / Көлөкөсү чоңураак, / Бир дарактын карааны, / Кармады чочко сабынан, / Сууруп алды чынарды, / Кыл суургандай камырдан, / Манас деген кепти угуп, / Ачууланып абыдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…уна, / Нечен түркүн кеп келет, / Ойуна келген кеңеши, / Ого эле сүйкүм эп келет: / “Алты кемпир, үч чалды, / Өлтүрүп таштап кетейин, / Башын кесип чалдардын, / Дарактарга асайын, / Кемпирлердин курсагын, / Жара чаап эшейин, / Беребиз деп эдебин, / Мага айтат акыл кеп, / Өздөрү тартсын эсебин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карагай, кайың, тал, терек, / Бороон, шамал урса да, / Шоодурабай дарак, таш, / Тилден калып унчукпай, / Дымыгып кетти кара жер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →