дап1
- муз. Жаргак менен капталган, уруп ойнолуучу тегерек музыкалык аспап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Канбасар деген дары бар, / Жан калтада дапдайар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эби келсе силерге, / Бирден-бирден барбаңар, / Алы канча, жай канча, / Коросондук балбандан, / Сегизи бар дапдайар, / Үчөө-төртөөн жумшаңар, / Байкап туруп баатырдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай караса, / Алмамбет баатыр башкача, / Тамандын бүлтөк эттери, / Эзилген жоор кептенди, / Тарамыштар таралып, / Кээ бир жери чубалып, / Көргөн көзгө дапдайын, / Көрүнөт сөөк агарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Барбай туруп жерине, / Көрбөй туруп элине, / Жеринин билдим жагдайын, / Элин билдим дапдайын, / Эл бүлүнткөн Куткарбас, / Суудай канын чайкайын, / Суусун ичтим Шоркөлдүн, / Ичкен тузум актайын, / Кантер экен Тапан хан, / Мунун сырын байкайын” / Деп ичинде ойлонуп, / Жабырын угуп бул элдин, / Жаш Сейитим толгонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Төртөө турат дапдайар, / Төрт сапка мылтык, ок да бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →