дандыр
- Ичин аябай ысытып алып, нанды чоктун табына кактап бышыра турган атайын очок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Дандырга жабылган беш-алты калдайган жука нан келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Биз туруп басканда дандырдын түбүндө жаткан кара дөбөт «бух» деп калып, кайтып «и, силер белеңер?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →