дан

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Эгин, аштык.
  2. Эгиндин, куурай, чөп өсүмдүктөрүнүн уругу, эгиндин кызылы.
  3. өт. Маңыз, сапат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куру келбедим алдыңа, / Куржунга салган пулум бар, / Ээрчитип келген жанымда, / Алты киши кулум бар, / Алты төөгө арттырган, / Аппак гүрүч данным бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Суу ичип көзүн ачалса, / Көөнүндө кебин айталса, / Өзөгү сак экен, — деп, / Таң атканга жол жүрсөм, / Шашке маалда жетем, — деп, / Абакем Бакай, шер Чубак, / Абдылда бий, эр Сыргак, / Дан жедирбес бекен, — деп, / Канча күн жатып былк этпей, / Ичеги жыдып калды” — деп, / Ошол жактан кайгы жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтымыш уруу алашты, / Аштык айдап силерге, / Дан жеткирген Коконду, / Бүт жоготом ошондо! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Тоок бутунун алдында калган жалгыз данды жемекчи болгондо, ал кубулуп таруу болду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →