далылуу
- Далысы кең, ийиндүү, ийини кең.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызылкыз айтат-мен көрдүм, / Бекбачаны баарыдан, / Кара мүртөз эр көрдүм, / Тулку бойу, турушу, / Ширөөсү капкан чойундай, / Канча күнү кармашта, / Жүрүүчүдөй нойубай, / Орто бойлуу, тууралжын, / Кең далылуу, кууш айак, / Копшогондой колдору, / Баатырлык сыны бар турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабылуу, / Эки жеңи салылуу, / Алптын бири Жамгырчы, / Кең көкүрөк далылуу, / Аттай басып аң жактан, / Атты барып карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бизге келген Сейити, / Кең далылуу кууш айак, / Узун эмес бойу пас, / Уйутуп койгон коргошун, / Козголбогон кара таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кең далылуу Калдуубет, / Жылда келет биздерге, / Келбейт өзү дегеле, / Жылкычы, койчу кем таалай, / Келет биздин элдерге, / Алдырайбыз делдеңдеп, / Айанбай мал-пул берерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Анын уулу Кыдырма менден саал кырдуураак, далылуу, болук, жайык бет, кызыл тоголок бала.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →