далы

китептерде 245 жолу, 10 китепте
  1. Бир учу күң жиликтин жогорку башына туташып, жалпак жагы арканын өйдөкү жагына жайгашкан үч бурчтуу, ортосу кырча келген жука сөөк түрүндөгү дененин бир мүчөсү.
  2. Дененин ушул сөөк орун алган тушу, эки ийиндин аралыгы, эки ийиндин сырт жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экени, / Жаза к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Болбосо өңү буржуйуп, / Толбосо көзгө жулжуйуп, / Куушурулуп далысы, / Караса нары кулжуйуп, / Эрдиги анын не керек, / Ошо күнү турармын, / Көзүмдүн жашын себээлеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →