далпай

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Эби-сыны жок далдайган көрүнүштө калдаюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үйүнө кирип балпайып, / Дүрбүсүн алып далпайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көк букачан Мадыкан, / Күңгүрөнүп бул айбан, / Кошуна барып далпайып, / Ашпоздору ашыгып, / Жапа тырмак камдашып, / Жалгыз жеген тамагын, / Жамактап аз айталык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондо кайдан-жайдан жеткенин билбейм, бир кезде асмандан далпайган бир жору тик ылдый шорголоп түштү да мен кыйкырып жеткиче болбой, мындай узап, жайылып бара жаткан каздын бир баласын лып этип илип алып, шып этип атып чыгып кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мынабу кара ташка далпайып келип бир жору конду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →