далп

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Далдайган же көлөмдүүрөөк нерселердин жерге барып бир тийишинен же урунушунан улам күңүрт чыккан дабышты билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жарактын чыкты далбалы, / Кийимдин дайны калбады, / Аттар суусап чаалыкты, / Эр билеги талыкты, / Кайра келип жебесем, / Сен Кененим сарыкты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найзанын учун тийгизбей, / Куланып аттан шалк этип, / Тоодой болгон Борончу, / Жерге түштү далп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асманды тиктеп баркылдап, / Канатын далбып каккылап, / Боосун чокуп тарткылап, / Түнүндө мойнун кайырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ак сакалы жарк этип, / Туурдан түшкөн бүркүттөй, / Томолонду далп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аңгыча Урманбет, оттоп турган бир саан уйга далп этип, секирип минип алды; уй сырак-сырак этип, тоңкочуктап мөңкүп кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →