далдакта
- Далдак-далдак этүү, калдактоо.
- Карбаластап, калдаландаган кебетеде болуу, далдаңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…амгыр жерге төгүлүп, / Жөө туман болуп бөлүнүп, / Тунарыктап сөгүлүп, / Аркасы ачык күн тийип, / Төбөсү тийип асманга, / Жер козголуп басканда, / Бир дөө келет далдактап, / Жандай чаап жете албай, / Жекеге чыккан Калдыктын, / Балбаны келет салбактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кароолчусу Талпакбай, / Шаарда элге барам, деп, / Барып келип деп калам, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Келе жатса далдактап, / Капыстан чыгып талпакты, / Кармап алды калмактар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кабылан шерди кучактап, / Оодарылып атынан, / Чубак жетти дардактап, / Аламан болуп турган чак, / Чоролор чуркап далдактап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бойун жыйбай далдактап, / Жыгылып-кооп калдактап, / Бага элеги балбактап, / Мурду көөп барбактап, / Чокморго кетип баратат, / Тоногон төөдөй тартактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бута атым чыгып абакең, / Бурулбай бара жатканда, / Эки жеңи салбактап, / Эки буту тартактап, / Буурул аттын чылбырын, / Бура кармап турду эми, / Эр Карадөө далдактап, / Чылбырдан кармап тыртактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →