далда
- Дал өзүнө туура келтирүү, таамайлоо, дал келтирүү, таасындоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кет дегенди так угуп, / Атка камчы чабам, деп, / Өзүн-өзү башка уруп, / Кайра тартты бурулуп, / Далдага кире бергенде, / Чаң артында созулуп, / Көздү ачып- жумганча, / Колуна жетти кошулуп, / Өзүнүн элин көргөндө, / Тер кетти бойдон жошулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кангайлардын Чоңмерген, / Жүргөн экен далдада, / Алмамбетти чамалап, / Атмак болуп аргалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куйалы менен Айчүрөк, / Жөөлөп баскан бойунча, / Өтүп кетти күмбөздөн, / Күмбөз далда болгунча, / Куйалы барат жөө басып, / Желжетпеске минбестен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атты таштап далдага, / Мааналап өзү бир ташка, / Бакырыкты салганы: / “Ой, абаке, Семетей, / Мен Канчоро кулуңмун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— деди эле чегинип барып, эшиктин далдасына туруп калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →