далбыра
- Айрылып, тытылып же чоң кенендигинен салбырап туруу, эби сыны жок, тыкан эмес көрүнүштө болуу.
- Тыкан эмес жыйнаксыз көрүнүштө болуу, далдыроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Авазирлер далбаңдап, / Этектери далбаңдап, / Саадагын илип мойнуна, / Жүгү оогон уйдай салбырап, / Өңүрлөрүн тарта албай, / Төө жабуудай далбырап, / Жыгылып кооп темтеңдеп, / Жетип келди алдырап: / — Касиеттүү Бекбача, / Кебибиз бар бир канча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лып калбай, жөн барбай, / Барайын десе көөнү кир, / Барбайын десе калышка, / Бурумдуу айла таба албай, / Эки этеги салбырап, / Ат сооруга жайылып, / Арка этеги далбырап, / Мойнун салып кылжыйып, / Өзү семиз неме эле, / Бети тердеп мылжыйып, / Күмбөздү көздөй бараткан, / Алдында кеткен Мөңкөтай, / Катын-эркек, кары-жаш, / Күллү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ан көпкөк көрүнүп, / Кудай бетин нары кыл, / Эр Саламат, Кесилет, / Эрегишип алышып, / Эрикпестен чабышып, / Бүчүлүктөр үзүлүп, / Жакалары шалбырап, / Этектери далбырап, / Тил байланып так келбей, / Сүйлөй албай балдырап, / Тиктеп калып бир бирин, / Далайгача жалдырап, / Катыкүн уруш кылыптыр, / Чыдай албай Кесилет, / Жаткан б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүйүнчүдөй тура албай, / Этек-жеңи далбырап, / Көрүнгөнсүп көзүнө, / Чубак өңдүү бир элес, / Эт жүрөгү элжиреп / Чыдай албай кеңгиреп, / Чылбырын кармап эр Шууту, / Үзөнгүгө бут салды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алманбеттин эр Гүлүс, / Күркүрөгөн чоң дөөнү- / Бүтүлүү бойу дөбөнү, / Кыйамына келгенде, / Көмө койуп өткөнү, / Далбырап өөдө болгунча, / Башын кесип кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →