далбакта
- Далбак-далбак этүү, калдактоо, далдаңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Топчулуксуз тондору, / Жайылып кетти далбактап, / Найза менен сайганда / Балта менен сайдырбай, / Калдык кайра какканда, / Талкаланып найзасы, / Куру кол болгон чактарда, / Балта менен балакет, / Кардын жара чапты анда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мингени күлүк чаалыкпас, / Күндө чапса талыкпас, / Сатайдан тартып так алмак, / Кетип барат далбактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аккула минип арстаның, / Айбаты журттан ашканың, / Абаң Бакай жол баштап, / Артынан чоро далбактап, / Кошойду тосуп баратса, / Кол кабылды астында, / Сексен алты сан экен, / Серпишер эрлер бар экен, / Ырчы уул менен Боз уулга, / Хан Бакай берип тапшырма: / —…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатыр Тапак талпактап, / Этектери далбактап, / Булагайлап жеңдери, / Шамал чыгып салбактап, / Кең багалек кайыш шым, / Топурак учуп балбактап: / — Эреним Сейит, кайдасың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жоо келди көрдүң далбактап, / Эки путу салбактап / Койо берсек бу жерден, / Таласка шыдыр барбайбы, / Уктап жаткан тынч элге, / Жуушап жаткан көп малга, / Төрдө олтурган чалдарга, / Жылаңач көтөн балдарга, / Чоң мүшкүлдү салбайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →