далалат

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсени иштөөгө, аткарууга кылган аракет, демилге.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билгенин айтып жашырбай, / Кененим кылды далалат, / Ооз ачып кеп кылбай, / Доош чыгарып унчукпай, / Качырып кирди Темирбек, / Минген атын камчылап, / Жапырып кирди Темирбек: / — Коркконуңдан Кененим, / Акыл д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…дам таң калды, / Бакайга айтып бабырап, / Бар кебин салып бажырап: / — Артынан кууп бардым мен, / Айланайын абаке, / Алдына түшүп калдым мен, / Канчалык кылдым далалат, / Койойун деп саламат, / Өчпөйт экен бизден деп, / Чоро деген жаман ат, / Кыйылып баары болбоду, / Кыйлага Семең торгоду, / Кыйыгына тийгенде, / Кызыталак чор… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…м болжоор доо эмес, / Карандай эмес кун экен, / Келген киши Үмүтөй, / Хан Көкчөнүн уулу экен, / Тосуп жолун муунадым, / Торгоп жолун сурадым, / Ар канча кылсам далалат, / Болбой койду тууганың, / Баштан аяк кеп салдым, / Карын бөлөң Семетей, / Тартышпагын деп салдым, / Өзү билип узатат, / Тайышпагын деп салдым, / Бүгүн конуп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →