дал-дал

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Бөлөк-бөлөк, бөлүндү-бөлүндү, самсаалаган үзүк-үзүк, далбаалаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…етсем, деп, / Маңгыттын ханы саган деп, / Кайратын бойго жыйганы, / Кабылан баатыр туйлады, / Беш кабат темир тор түшкөн, / Жети катар жибек тор, / Чыгып кетип дал-далы, / Танап болуп баатырга, / Илинери калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимдин туулгасы, / Жалпайа түшүп токтоду, / Саранжанын туулгасы, / Дал-дал болуп жок болду, / Кылычын тартып кынынан, / Тең жарам деп ойлонду, / Кененимди кырынан, / Кененимдин кылычы, / Жүйрүн дөөнүн мурасы, / Кыйын кылыч мына ошо, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дал-дал болуп тондору, / Дайны калбай жоголду, / Аттарына минишип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Урушка уруш улады, / Уруш кылып жүргөн жер, / Дал-дал бөлүндү, / Тай буурул менен Тоосурдун, / Семетей менен Кутургур, / Тери суудай төгүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Олпогун сүйрөп жүргөн көп, / Оңүрү кетип жыртылып, / Далай тону бул элдин, / Дал-дал болуп тытылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →