даки1

китептерде 3 жолу, 3 китепте даки 2 →
  1. Пахтадан токулган жука ак кездеме.
  2. Марли.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ал Каныкей турбады, / Шекер кошуп сүт берип, / Улам-улам бат берип, / Жаранын оозун жуудуруп, / Дакиден койуп буудуруп, / Сак жагы менен жаткырып, / Жарага дары жаптырып, / Көк жору өтүн ичирип, / Айуунун өтүн эздирип, / Кажырдын өтүн сыйпатып, / Эбеп-себеп дарын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Башынын канын жуудуруп, / Бакайдын башын тазалап, / Ак даки менен буудуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жеткирбесине көзү жетеби, же даки болуп калганбы, айтор мендей жанын таштап артынан сүрө түшпөйт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →