дайын1
- Кабар, дарек, жөн-жай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ингендеги моңгулдар, / Качкан кыргыз мында деп, / Дайынын угуп билиптир, / Ылганып бир жүз отузу, / Чаап алам деп кириптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көзүнүн агып кандуу жаш, / Өлдүбү, тирүү бар бекен, / Дайынын көрө албады, / Арстаның айбат үн берген, / Абасы кайрат күү берген, / Жаш баатыр карап турабы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…беди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сулуунун дайынын угуптур, / Соодагерлер кеп салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кырк бир атчан киши эле, / Байа анык санаса, / Калганынын дайыны жок, / Жалгыз аттын изи бар, / Из кубалап караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →