дайым

китептерде 28 жолу, 5 китепте
  1. Ар убак, ар качан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан келген Кылжейрен, / Кызыккандай элирген, / Байкасаң көзү башкача, / Күйгөн шамдай керилген, / Алмамбет дайым таңданып, / “Бактыма бүткөн ат” – деген, / Ошол үчүн казактан, / Күлүк бер мага дебеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Менин бойум карагын, / Орто-карта турамын, / Менин уулум кара дөө, / Сенин белиңе таңуу уланың, / Мен тай тайлак, уулум нар, / Сага дайым абалым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ар дайымдан бир дайым, / Алдыңда жүргөн биздерге, / Как ушундай кыласың, / Бизди кыйсаң кыйасын., / Бакайды кандай кыласың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Илгери-илгери бир кашкулак менен бир үпүп экөө кыйышпас дос болушуп, бири-бирине касташпоого убада кылышып, ант беришип, дайым бир жүрүшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →