дайра
- сүйл. Дарыя.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мелтиреген көл калды, / Жарымы ачуу ичкисиз, / Жарымы таттуу балга окшош, / Аккан дайра суу калды, / Талкан чалган немедей, / Уйуп жаткан суу көрдү, / Жайы-кышы өчпөгөн, / Күйүп жаткан от көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ман калбады, / Көмөрө сайып сени эч ким, / Чигитей, жыга албады, / Алдымда минген тагымды ал, / Үстүмдө таажы – багымды ал, / Айтылуу кебил шаарымды ал, / Алты дайра жеримди ал, / Андан кала бергенде, / Алты атадан бер жакка, / Жыйып койгон казына, / Жүктөтүп келип барын ал, / Жараса ооган кызын ал, / Жаратып туруп узун ал,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коросон, испан кыргызга, / Ирегелеш киши элек, / Коңшуга бүлүк салыпсың, / Сени ээрчиген Темирбек, / Тентип өлөт бир сайда, / Коросон менен испандын, / Сөөгү калат ар кайда, / Калдаңдаган калмагым, / Сен өлөсүң майданда, / Илегерлик кылам деп, / Коңурбай каны кошулду, / Күрпүлдөк деген дайрага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көзүнөн анын кандуу жаш, / Дайра болуп куйулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →