дагы3
- Сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөлөрдү же сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыруу үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эзелден элдин макалы: / “Эли сүйгөн эр өлбөйт, / Эр жетилткен эл өлбөйт, / Өлсө дагы арбагын, / Тирүү сыйлап жар салып, / Эли эстеп өлтүрбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мындан башка дагы бир аял жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эми дагы бир жардамыңды тийгизип, мени кое бер, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →